Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Роскосмостун космонавты: Эл аралык космос станциясында менин туулган шаарымдын Бишкектин желеги мени менен бирге (видео)

Сергей Корсаков Кыргыз элин шаар күнү менен куттуктап, Бишкек космостон кандай көрүнөрүн айтып берди

Фрунзе шаарында туулган Роскосмостун космонавты Сергей Корсаков Кыргыз элин Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады.

Урматтуу бишкектиктер!

Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бүгүн Кыргызстандын борборуна 144 жыл толду.
Бул майрам шаардын тургундарынын гана эмес, аны мекеним деп эсептеген, жүздөгөн жана миңдеген  алыста жашап жатышкан мекендештерибиздин дагы майрамы.


Өзүм туулуп-өскөн жана окуган Бишкек шаары - мен үчүн эң жагымдуу жана жылуу сезимдер менен жүрөгүмдө калган. Бул шаарда менин балалык  издерим калып, ал күндөрүмдү ар дайым  кубануу менен эстейм.

Бүгүн  мен космосто иштеп жатам жана мени менен бирге эл аралык космос станциясынын бортунда туулуп-өскөн шаарымдын желеги илинип турат.

Бишкектиктерди Бишкек шаарынын түптөлгөн  күнү менен куттуктап коюу мен үчүн чоң сыймык жана кубаныч.

Шаардын өзгөрүп жатканы космостон даана көрүнүп турат: жаңы турак-жайлар, мектептер, бала бакчалар курулуп, жолдор оңдолуп, скверлер, парктар көрктөндүрүлүп жатат. Бул долбоорлордун ишке ашырылып жатканы бардык шаардыктардын эмгеги деп билем.

Бишкектиктерге чың ден соолук жана бакубатчылык,  ал эми Бишкек шаарыбызга туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалайм! Ар жыл сайын жакшыра берсин! Майрамыңыздар менен!

Сергей Корсаков, "Роскосмостун" космонавты

Бишкек мэриясы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх