Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда ЖРТ 3 этап менен өтөт

Каттоого үлгүрбөй калган абитуриенттер үчүн тесттик борборлордо кошумча каттоо жүргүзүлөт

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруп, өткөрүү жөнүндөгү тиешелүү буйрукка кол койду.
post.title

Ага ылайык 2022-жылы абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт.

            I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

            II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

            III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.

Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт. 

БИМ маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх