Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Участкалык милиция кызматкерлери заманбап форма жана жилеттерге ээ болушту (фото)

Белгилей кетчү нерсе, бул форма отурган абалда бырышпайт жана күнүмдүк үтүктөөнү талап кылбайт

Акыркы мезгилдерде социалдык  түйундөрдө милиция кызматкерлеринин формасынын үстүнөн кийген жилеттер боюнча ар ким негизсиз эле талкууга алып жатышат. Ички иштер органдарынын реформалоонуну алкагында башка кызматтардын санын кыскартып, участкалык инспекторлорду көбөйтүп жатабыз.
Эл аралык стандарттагы жаңы формалык кийим, унаа каражаттары, оргтехникалар, санарип технологиялар жана башка жабдуулар менен камсыздап, кошумча укуктарды берип, жаңы функцияларды жүктөдүк.


Ошол себептүү белгилеп кетээрибиз, азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын ИИМди реформалоонун алкагында Кыргыз Республикасынын ИИОнун милициянын участкалык уполномоченныйларын жана балдар менен иштөө инспекторлоруна жылдын төрт мезгилине ылайыкташтырылган, заманбап, күн-түн иш алып барган кызматкерлерге ыңгайлуу, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан жаңы типтеги формалык кийимдер тигилип таратылып берилип жатат.
Мындан сырткары, өлкө аймагында жарандарыбыздын жана чет өлкөлүк коноктордун өзүн коопсуз жана эркин сезүүсү үчүн, милициянын иштеп жаткандыгынан алыстан кабар берүүчү, тышкы кызматтын кызматкерлерине формалык кийимдин үстүнөн кийүүчү атайын ачык түстөгү, ИИОнун кызматкери экендиги жазылган өзгөчө белгилери бар жилеттер менен камсыз болууда. Мындай жилеттер менен иш алып барган дүйнөнүн алдынкы өнүккөн өлкөлөрдүн полиция кызматкерлери камсыз болгон, ошолордун тажрыйбаларынын оң жактары көп экендигин эске алып кыргыз милициясына дагы киргизилип жатат.  
Жогоруда аталган жаңы типтеги формалык кийимдер жер-жерлерде иш алып барып жаткан катардагы кызматкерлердин сунуштарын, өтүнүчтөрүн эске алуу менен иштелип чыккан, мурдагы милиция кызматкерлери кийип жүргөн боз (серый) түстөгү формалык кийим калк арасында иш алып барууда көп адамдын арасында көрүнбөй, байкалбай калууда.
Жаңы формалык кийимдердин өзгөчөлүктөрү, күнүмдүк көп учурда күнү-түнү кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине ыңгайлуу, отуруп турганда бырышпаган, күнүгө үтүктөөнүн кажети жок, салмагы жеңил, синтетикалык кездемеден тигилген эмес, абаны өткөрүп турат, эң негизгиси мурдагы классикалык формадан айырмаланып, кызмат өтөөгө ыңгайлуу болгон футболкалар, чоң фуражканын ордуна жеңил кепкалар каралган.
Жаңы типтеги формалар 2021-жылдын аягынан баштап киргизиле баштаганын, кызматкерлердин, коомчулуктун сын-пикирлерин эске алып, мындан ары сапатын жогорулатуу жана ыңгайлуулугун эске алуу менен өркүндөтүлөт.  

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх