Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Vesti.kg сайтынын окурманы борбор калаада №8 троллейбустун жоктугуна нааразы болду

Бишкек троллейбус башкармалыгы бүгүн эртең менен линияда тыныгуу болгонун түшүндүрдү

Бүгүн №8 троллейбустун жоктугунан балдар мектепке бара албай калышты.Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын тургуну Мирланбек Назаров билдирди.
 
«Бүгүн биз аялдамада №8 троллейбусту бир саат күттүк», - деп нааразы болду ал. - Балдарды Москва көчөсүндөгү №13 мектепке алып келе албадым. Эмне, бул каттам токтотулдубу же №8 троллейбус иштебей калдыбы?
 
Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Бишкек троллейбус башкармалыгына кайрылды.
 
Абдиманнап кызы Гүлкайырдын басма сөз катчысы Vesti.kg сайтына маек куруп, кезек үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү.
 
«Бүгүнкү күндө троллейбустар штаттык режимде иштеп жатат», - деди ал. - Бирок эртең менен саат 10.00-11.00 аралыгында кезек үзгүлтүккө учураган. Балким, бул учурда борбор калаа тургундары №8 троллейбусту күтпөй калышты. Калган убакта коомдук транспорт кадимки режимде иштейт. Троллейбустардын аралыгы 8-10 мүнөт.
 
Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх