Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сейитбек Усманов: 1000 кыргызстандыкты программист кылсам дейм

АКШда жашап иштеген Усманов алдынкы окуучулары жылына 80 мин долларлык маянага жетишкенин билдирген

АКШнын Сан-Франциско штатындагы эн ири IT компаниялардын бири болгон Salesforce компаниясына кызмат көрсөтуп иштеген мекендешибиз Сейитбек Усманов журналист Али Токтакуновдун Ютуб каналына  маек берип, анда атайын Salesforce IT курстарын ачып,  келечекте миң кыргызстандыкты программист кылууну максат кыларын билдирген.

Кыргызстанда туулуп, 9 жашында ата-энеси менен Чехияга көчүп кетип, билимин чет мамлекеттен алган Усманов алгачкы студенти 52 жаштагы америкалык жаран болгонун, Россиядагы “Макдональдс” тез татым тармагында иштеп жургөн кыргызстандык анын курсун аяктап учурда программист болуп ийгиликтуу иштеп жатканын баяндап берген. Маекте 9 жашынан бери чет өлкөдө жөргөнөнө карабай кыргызча эркин сүйлөгөн мекендешибиз “сабактарынын баасы канча, ага канча убакыт окуп, канча акча жумшаш керек жана башкысы - кийин бул тармакта кантип жумушка орношсо болот?” деген сыяктуу суроолордун бардыгына жооп берген.

Гүлзат Иманов

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх