40 миң километрди жөө басып өткөн шаман
Белгилүү руханий тажрыйбачы Медер Акрамкулов ата бабалардын түшүнүгүн кастарлоо тууралуу
19-июлда Бишкекте «Кыргыздардын коду» долбоорунун алкагында «Уруу күчү» деген лекция өтөт.
Спикер Медер Акракулов, руханий тажрыйбачы, өзүнүн бабасы Калпа - Атадан табыпчылыкты өткөрүп алган. Медер окуу жана билим алууну көксөп акчасы жок, жөө 40 миң километр жерди жөө басып өткөн (Кытай, Индия, Тибет, Сирия, Йемен, Түркия, Сибирь жана Тайга). Ал озунун тажрыйбасынын аркасы менен организмдин өзүн өзү дарылоо системасын иштеп чыккан: арка омурткаларынын калыбына келиши, зат алмашуу, ички органдардын функцияларынын нормалдашуусу, ичеги-карын жолу жана оргшанизмдин жашаруусу.
Медер, дүйнө кезип жүрүп мекенге деген күчүңуздү түгөттүнүзбү?
Кыргыздар таң калыштуу элбиз, дарыяга окшош, өзүнөн өзү жол табат да , мейкиндик боюнча жылып кете берет. Ошону менен бирге салтын, тилин жана үрп-адатын ала жүрөт. Тарыхтагы барактарындагы бүт бурулуштарды Жараткандын эрки деп билебиз. Биз коп этностор менен карым катнаштабыз, эшигибиз дайыма ачык, бирок өзүбүздүн улуулугубузду, жумшактыгыбызды жана ийкемдүүлүгүбүздү дайыма сактайбыз.
Мен шаарларда, айылдарды, тоолордо жана токойлордо болдум. Жунглиден өттүм жана жер алдындагы үңкүрлөрдө болдум. Ар кандай социалдык катмардагы адамдар менен сүйлөштүм, алардын маданиятын жана элдеринин өзгөчөлүктөрүн үйрөндүм. Эң негизгиси, менин байкаганым - бул биздин ата бабалардын ыйык баалуулуктарын сактап калгандыгыбыз. Мен эч жерде «Төргө өтүңүз» деген сөздү уккан жокмун. Бул жөнөкөй эле угулат, бирок… Мен көп эле элдерден улууларды сыйлаганын көрдум. Ооба, аларда кызмат өнүккөн, кызмат көрсөтүү меймандостук деп эсептелет. Бирок ушул муунга байланыштуу аяр мамиле жана меймандостук деген жок экен. Алардын алдында биз кимбиз деген суроо жаралат. Цивилизация руханий баалуулук менен ата бабанын акылмандуулугунун байланышын жоготуп койгон.
Цивилизациялардын согушу учурунда, өтө бат жүрүп жаткан глобализация мезгилинде улуттук өзун өзү таанууну кантип жоготпой сактап калса болот?
Ички сезимдеринин суроолоруна жооп табыш үчүн европалыктар Чыгышка келишет. Алтурсун чокусу асманга жеткен окумуштуулар да жөнөкөй элден чындыкты издешет.
Цивилизация жараксыз болуп калды. Өзүңдү жана өзүңдү таанып билүүнү сактоо үчүн артыкбаш нерселерди жасабоо керек. Сакталуу мыйзамы. Адамзат көп керексиз нерселерди жасай берет.
Биздин негизги тапшырмабыз окуу, сактоо жана көбөйтүү. Карылар бизге күчүбүздү өзүбүз үчүн сактоону үйрөткөн. Эгерде бүтүндөй элде күч жок
болсо , ал жоголуп кетет.
Ар бир эле акыл-эси бар адамдын ички дүйнөсү Жаратканга тартылат. Кыргыздардын жашоо-турмушу табият менен ушунчалык тыгыз байланышкан. Табыптар, акылмандар жөнөкөй адамдын акылы жетпей турган жөндөм аркылуу жылдыз, аба менен байланыш түзүшкөн. Бул адамдардын белгилүү бир кастасы. Коп жылдык тажрыйбалардан, байкоолордон улам пайда болгон табият илими. Азыр аларды шаман деп аташат, мурда бакшы дешчү. Бул кубулуштун булагы бир эле, дүйнө таанымдын айланасында эле көп мектептер пайда болуп кеткен. Бон-тибеттик окуу, синтоизм, андан ары Африкага, түндүк Америка , Австралия.
Ар бир эл өзгөчө жана кайталангыс.
Мурда акылмандардын созун жазып алышчу. Аң-сезимдин агымында биринчи аны ички дүйнөсүндө сезип анан тышка чыгарчу. Кийин аны жазып алышып анан калың элге алып чыгышкан.
Кудайдын бардыгы тууралуу аны тааныбаган адам трибунадан туруп алып сүйлөйт. Кудайга ишенесиңби деген суроо, бул жарыкка ишенесиңби дегендей эле суроо. Мен ишенбейм, мен жөн гана билем. Өзүңдү өнүктүрүү менен канчалык көп алектенсең, ошончолук жакындайсың. Санжыра-бул өзүн өзү таанып билүүнүн ачкычы. Мен бул илимди уулума өткөрүп берем. Жашоодон мисал келтирем. Менин уулум ушу боюнча Сибирдин чемпиону. Ал биринчи жолу 5 жашында рингге чыккан. Мен ага биздин ата-бабаларыбыз аны карап тургандыгын көзүнө карап туруп айттым. Аларды уят кылба, ал эми таймаштын жыйынтыгы сенин колуңда. Таймаш бүткөн соң бала эмне дегендигин машыктыруучусу түшүнгөн эмес. Аны баары мактап жатышса, ал ата бабалар мага нааразы эмеспи деп сурай берген. Мен баланы жеңишке жеткирүү үчүн ата бабалардын арбактары менен байланыштыруу керектигин сездим.
Сиз өзүңүздүн тарбиялоо ыкмаңызды таптыңызбы?
Тарбиялоо - бул топтогон тажрыйбаң менен баланы азыктандыруу. Адам өзунүн жашоосун өзү курат. Бала бул дүйнөгө сен аркылуу Кудайдан келди. Ал Кудай тарабынан коё берилген жебе, жана анын өз жолу бар. Ошону менен бирге түбөлүктүүлүк деген контекстте адам баласы арзыбаган нерсе гана. бирок ошол арзыбаган нерседе сенин жоопкерчилигиң жатат. Сен ата-баба жана кйинки муундардын алдында жооптуусуң. Азыр тарых жаралып жатат. Келечек сенден башталат!
Күндөлүк турмушубузда баатырлардын кылган ишин даңктоо бизде кабыл алынган. Ооба, алар азыркы турмушту алып келди, улууштерди алып келди ал жагы талашсыз. Кыргыз эли баарынан кыйын, улуу болбосо да Бул Жарыкчылыкта өз орду бар. Жоопкерчилик жөнүндө сөз болгондо, биз өзүбүзгө мен баладан эмнени күтөм? - деген суроону беришибиз абзел.
Бала менден алган нерсесине канаатана аламбы ? Эгер канааттанбасаң, анда окуп үйрөнүп, өнүгүп анан бер. Ал эми канааттансаң ал жөн гана түш болушу да мүмкүн. Адам баштапкы абалына кайтканда гана даарылай алат.
Жылдыз Мамытова
Сүрөт www