«Элдердин тарыхы - күүдө»
Музыкант Нурланбек Нышанов жүз жылдан бери колдонулбай калган кыргыз элдик аспаптарын калыбына келтирет
Музыкант Нурланбек Нышанов 30 жылдан бери көчмөн доордогу кыргыз улуттук аспаптарын калыбына келтрүү менен алектенет. Бул ишти ал чопо-чоорду калыбына келтирген 80-жылдардын тилчиси Сураган Айдаралиевден өткөрүп алган.
Бүгүнкү күнү Нышанов мурунку 18 аспап менен мактана алат. Ал Vesti.kg сайтына кылымдар күүсү деген эмне экендигин айтып берди.
Нурланбек Нышанов 52 жашка чыкты. Ал жаш кезинде М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана КР Улуттук консерваториясын бүтүргөн. Ал 18 жашында улуттук аспаптарга болгон өзүнүн жакындыгы башталган. Ал аспаптарды жаратат.
- Кыргыздардын жашоосун ыр-күү коштоп жүргөн. Бир гана тойлордо эмес жашоосунда да. Ар бир күнү, ар бир окуя өзүнчө музыка менен коштолгон. Күүнүн ичинде элдик легенда, тарых катылган.
Музыканттын айтымында кыргыздын 24 музыкалык аспаптары бар. тилекке каршы алардын көпчүлүгү унут болуп баратат, акыркы жолу кээ бир аспаптардын ойнолгонуна жүздөгөн жылдар болду.
Алар эмнеге жок болуп кеткен? биринчи болуп добулбас, бандулу, жекесан жана керней жок болду. Бул аспаптарды чоң феодалдардын согуштук жүрүштөрүндө урунушчу. 19-кылымдын отузунчу жылдарында Кокон хандыгына баш ийгенден баштап, ал учурлар алар үчүн аркада калып кетти. Андан соң Орусия империясына кирип, анда да өз алдынча согуштук чечим чарууга болбогондуктан, дагы да унуткарылды.
Совет бийлигинин келиши, коллективизация учурунда улуттук аспаптар тууралуу бир канча убакытка чейин унутууга туура келди. Ал эми Улуу Ата-Мекендик согу таптакыр эле бул аспаптар тууралуу ойлогонго да мүмкүнчүлүк бербеди.
Ал эми 60-жылдардын башында чопо-чоор менен сурнайды ойногонду билген адамдар да калбай калган болчу, - деп түшүндүрөт Нышанов. - Алтургай аспаптын өзү да калган эмес. 80-жылдарга бизге жетип келгендери комуз, кыл кыяк жана ооз комуз гана болду.
Бирок бул үчөө 70-жылдары музыкалык окуу жайда окуган адам үчүн бейтааныш аспаптар болчу, анткени алар балалайка ойношчу.
Эгерде Сураганов аракет кылбаса, балким бүгүнкү күндө да ошол эле акыбал болоор беле.
- Анын эмгегинин аркасы менен биз жардамчыбыз экөөбүз 1988-жылы чопо-чоорду калыбына келтирдик, - дейт Нышанов. - Андан бир аз өтпөй биз Улуттук филармонияда улуттук аспаптардын бүтүндөй ансамблин түздүк. Талыкпай эмгектенүү ийгиликке жеткирди. Азыркы күндө 24 кыргыздын аспабынан 18де ойноого мүмкүнчүлүк бар.
- Доолдор ар түрдүү болушкан, -дейт ал. Аларды чоң феодалдардын, хандардын сарайларында элди топтоого урушкан. Мен адегенде ишенген жокмун, ушундай назик нерседен кантип катуу үн чыксын деп. Биз аны чогулттук, ал биз күткөндөн артыкча болуп чыкты. Добулбас тууралуу биз билебиз. Аны эки киши кезек менен урушчу, көчкөндө төөгө жүктөшчү. Ал эми чопо-чоорду алигиче калыбына келтирип, өнүктүрүп жатабыз.
Калган 6 музыкалык аспап - келечекке тапшырма.
- Калыбына келтирилгендерди азыр угууга болот. - Ал эми жок аспаптарды калыбына келтирип жатабыз. Алардын сырткы түзүлүшүн окшоштуруп, болжолдуу үн чыгышын калыптандырабыз.
Эреже катары, баштапкы маалыматты «Манастан» алышат. Анткени согуштук оркестрди калыбына келтирүүдө так ушул манасчыларга кайрылышкан. Нурланбек Нышанов алынган маалыматты дээрлик бир жыл бою изилдеген.
- Мисалга сурнайды алалы, - дейт ал. - Биз түрктүкүн, өзбектикин билебиз. Ал эми кыргыздыкы кандай болгон? Кандай күү ойногон? Аны каяктан алуу керек? Көрсө, көптөгөн сурнайдын күүлөрү комуз менен кыл кыякта сакталып калыптыр.
Мисалы, 19-кылымдын сурнайчысы Кара Тураптын күүлөрү. Биз сурнайга 15-16 күү чогулттук, бирок дагы көп иштеш керек болуп жатат.
Өзүнүн иши менен нурланбек Нышанов улуттук эс тутумду калыбына келтирүүгө умтулгандыгын мойнуна алат, ошону менен бирге элдин тарыхтагы духун көтөргүсү келет.
- Бир жолу концерттен кийин мага толкунданган кишилер келишти, - дейт ал. Кадимки Манас кырк чоросу менен келгендей болду. Сага ыракмат дешти.
Жакында Кыргызстандын эли эски музыкалык аспаптардын күүсүн уга алышат, КР маданият Министрлиги Нурланбек Нышановду жана анын командасын көчмөндөр оюнуна чакырды.
- Мен дайыма композитор Густав Малердин:
«Салт - бул күлгө сыйынуу эмес, бул отту берүү» деген сөзүн эстеп жүрөм, - дейт Нурланбек Нышанов.
Ольга Федорчук
Сүрөт www