Эмнеге Кыргызстандын желеги көк эмес, кызыл болуп калган?
Мамлекеттик белгини кабыл алып жатканда кандай гана сөздөр айтылган жок. Аза-кайгы тууралуу дагы кеп болуп кеткен...
Кыргызстандын мамлекеттик желеги эмнеге кызыл түстө? Эмнеге ушул күнгө чейин желектин өңүнө ичи чыкпаган адамдар арбын? Бул азыркы учурда дагы актуалдуулугун жоготпогон маселе. Келгиле бул жерде кандай себептер бар экендигин чогуу териштирели. Балким силердин араңардан дагы желектин өңүн өзгөртүш керек дегендер чыгып калаар. Кыргыз таануучу Мелис Мураталиев кезектеги дарсын ушундай сөздөр менен баштады.
“Чындыгында желектин тегерегинде талаш-тартыштар көп. Белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылар, жарандык активистер бул маселе тууралуу бири-бирине карама-каршы пикирлерди айтып келишет. Желек жалпыбызга таандык болгон соң, баарыбыз бир пикирге келсек жакшы болмок. Негизи баарыбыз желегибизди сыйлашыбыз керек. Себеби биз кандай сөздөрдү айтпайлы, каалайбызбы-каалабайбызбы мамлекеттик символдор кандайдыр бир деңгээлде бизге таасиретип турат. Тарых тастыктагандай желек бизди кайсы бир жака жетелеп, кандайдыр бир багыт берип турат.
2011-жылы коомчулуктун басымы астында желекти алмаштыруу керектиги айтылды. Талаш-тартыштар болду. Атүгүл атайын комиссия түзүлүп, мен ага мүчө болуп киргем. Комиссия мамлекеттик желекти талкуулап баштаганда, алгач кабыл алынып жаткандагы айрым учурлар ачыка чыкты. Бизге белгилүү болгондой жумушчу топ тарабынан желектин ортосундагы түндүк жактырылган. Бирок желектин өңү азыркыдай кызыл эмес, көк түстө болгон экен. Бул тууралуу көпчүлүк билбейт. Бирок бул факт. Эмне себеп болгону белгисиз, кабыл алынаар алдында эле көк түстөн баш тартышкан. Көрсө көк түс Кыргызстандын айрым аймактарында аза-кайгынын белгиси экен. Бул өңдү өзгөртүүнүн негизги себептеринин бири болгон. Аягында “Манас” эпосуна таянууну чечишкен. Белгилүү манас таануучуну чакырып, Манастын желегинин өңү кандай эле?- деп сурашкан. Ал ойлонбой туруп, дароо эле “кызыл” деп жооп берген.
Кийин 2011-жылы желектин тегерегинде талаш-тартыш күчөгөндө жаңы фактылар калкып чыкты. Ошол учурда мен “Манас” эпосунун эки класикалык вариантын шашпай иликтеп чыктым. Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттары бир жерден окшош. Ырас хандардын, баатырлардын жана жалпы элдин өзүнө тийиштүү байрактары болгон. Хан Манастын желеги кызыл түстө болгондугу талашсыз. Ал эми жалпы элдин желегинин өңү көк болгон экен. Демек манас таануучу эч кимди адаштырган эмес. Ал эпосто бир жолу эмес, бир нече жолу кызыл желек тууралуу айтылганын мисал келтирип берген. Ошондо хандын желеги менен элдин желеги бири-бирине таптакыр окшошпой, маани-маңызы жагынан айырмаланып тураары белгилүү болгон.
Эпосто жана кыргыздардын тарыхында көк түс биримдиктин символун түшүндүрөт. Көк асман тынчтык жана бейкуттуктун белгиси. “Көк асаба” элди алдына бириктирген, чеги жок асмандай өнүгүп-өскөн эл жана анын журту тууралуу кабар берет. Атүгүл башка элдердин эпосунда дагы, көк түс ушундай эле мааниге ээ. Айрым учурларда акылмандуулуктун, кудайды таануунун белгиси катары сүрөттөлөт. Макул Манастын желеги кызыл боло берсин. Эч ким ага каршы чыга албайт.
Азыркы тил менен айтканда бул бийлик менен кандын түсүн чагылдырган президенттин штандарты десек болот. Хан деген сөз кыргызча кан деп айтылганы дагы бекеринен эмес. Эл деген кыргыздарда ар дайым адамдын денеси менен салыштырылган. Ал эми ошол элдин башчысы дененин канындай болуп, баардык мүчөгө бирдей маанилүү болуш керек. Мындай салыштыруу менен кыргыздар эл башчысы баарына калыс болуш керектигин билдиришкен.
Эми кайрадан көк түскө кайтып келсек. Көк түс бул аза-кайгынын белгиси деген түшүнүк бар. Бул желекти көк түс кылуудан баш тартуунун бирден бир себеби болгон. Анда эмнеге Кыргызстандын баардык аймагында бул түс аза-кайгынын белгиси болуп эсептелбейт? Демек биздин элдин бир бөлүгү бул адатты башка элден алган. Бирок кимден? Ислам дининде азанын белгиси ак түс же кара-жашыл түс. Манас таануучу Байжиевдин айтымында, эпосто аза-кайгынын түсү, кара жана кызыл болуп чагылдырылган. Ал эми көк түс каяктан чыгып калганы белгисиз.
Мамлекеттик белгилер табышмактуу, магиялык күчкө ээ деген пикирлер бар. Эгер ушул жагынан алсак, эмнеге желектин өңүн өзгөртүү маселеси 2011-жылы көтөрүлдү? Себеби коомчулукта акыркы мезгилде кыргыз эли кандуу окуяларга көп дуушар болуп жатат деген ой пайда болду. Баардыгы тең бийлике болгон күрөштүн кесепетинен. Манас эпосунда кызыл түс бийликтин белгиси болсо, анда биздин мамлекеттин желегинин өңү бийликти гана түшүндүрөт экен да. Демек баарыбыздын жалпы максатыбыз бийлике жетүү эле болуп калып жатпайбы. Азыр ар бир кичинекей баладан ким болосуң?-деп сурасак, жообу белгилүү. Ал же президент же министр же депутат болгусу келет. Башкача айтканда балдардын баардыгынын ойлогону эле бийлик. Мен так ушундай деп кесе айта албайм. Бирок...
Чындыка дал келбесе дагы жөнөкөй мисал келтирейин. Борбордук аянтта Манастан мурда кимдин айкели турчу эле? Туура. Эркиндиктин символу болгон аял, колуна түндүк көтөрүп, биримдикти билдирип турчу. Кыргыздарда аял киши түндүкө жакын дагы жолочу эмес экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Себеби түндүк көтөрүү эркек киши гана кылчу иш. Аягында эмне болду? Өлкөнү аял киши башкарды. Балким бул жөн гана дал келүүдүр. Бирок факты бар болуп жатпайбы".
Бакыт Стамов
Фото www