Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үзүлгөндү улоо - жаш музыканттар кыргыз музыкасын заманбапташтырып жатышат (видео)

Көрүүчүлөрдө табити боюнча тартынбаган талдоочулар пайда болду. Алгачкы бис концерти болуп өттү

Жакында эле Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Кыргызстандын композиторлору үчүн «Кыргыз кайрык» аттуу эксперименталдык лагерь уюштурулган.

Чыгармачыл долбоор конкурстук тандоодон өткөн 10 таланттуу музыканттарды бириктирди. Бул өзгөчө форматтагы «Кыргыз кайрык» долбоору 7 күндүн ичинде кыргыз улуттук музыкасын изилдеп , өздөштүрүп чыккан жаш музыканттарды чогултту.



Чыгармачылык, ырааттуулук жана тажрыйба жүргүзүү - бул лагердин негизги критерийлери.  

«Чексиз музыка» коомдук фондунун жетекчиси жана «Кыргыз кайрык»  долбоорунун жетекчиси Алтынай Абитекова Vesti.kg сайтына айтып бергендей, ансамбль 10 музыканттан турат, алардын ар биринин жанры жана стили ар башка.  

«Өткөн лагер кыяк, кыл кыяк, синтезатор жана добулбастар менен аткарууга мүмкүн болбогондой композициялардын коюлушу менен абдан кызык болду. Биз адегенде сарсанаа болдук албетте, бирок кийин көрүүчүлөрдүн купулуна бул аябай толгондугун байкадык», - дейт Абитекова.  - Биздин зор максаттарыбыз бар, ошондуктан биз арканды узун таштагыбыз келет. Ал эми андан аркысын көрө жатаарбыз. Биз даяр жол менен кетпейбиз. биз азыр карап көрөбүз, элдер кандай кабыл алышат. Биз башка багыт менен аралаштырууга каршы эмеспиз, бирок кыргыз музыкасы неизги болуп кала берет. Анткени биз кыргызбыз, ал эми музыкага болсо, башкача мамиле кылабыз.



Анын кесиптештеринин ою боюнча, «Кыргыз кайрык» ансамблинин көркөм жетекчиси Аскар Жетигенов үчүн бул мезгил музыка жана ускусствонун мезгили.



«Музыканы кантип өнүктүрүү боюнча биздин өз көз карашыбыз бар, - дейт ал.  - Учурунда мен «Ордо-Сахнадан» замандын талабына жооп бербегендиги үчүн кетип калгам. биз досторубуз менен чогуу ал жактан кетип өз алдыбызча аракет жасап көрүүнү туура көргөнбүз. биз дүйнөдөгү башка жанрлар менен кошо кыргыз музыкасынын айкалышынан артта калгыбыз келген жок.  Албетте, биз гений болушубуз үчүн көп убакыт талап кылынат. Бирок биз кол куушуруп отура беришти каалабайбыз. Биз өтө мыкты ойнойбуз деген ойдон алысмын. Бул башталышы гана, эксперимент».

Гладис Темирчиева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх