Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жумгал районунун судьясы менен прокурорунун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

Фемиданын кызматчысы прокурордун орун басары менен сүйлөшүп алып, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 000 сом талап кылган

Башкы прокуратура тарабынан Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. жана райондук прокурордун орун басары О.Ж. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда кармалды.


Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, судья А.А. райондун прокурорунун орун басары менен сүйлөшүп алышып, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу боюнча айыпталган жакын тууганына карата ишти кыскартуу жөнүндө сотто чечим чыгаргандыгы үчүн жаран Х.Ддан 50 миң сом талап кылышкан..



Прокурордун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх