Караколдо күйөөсү тарабынан сабалган аял милицияга арыз жазды
Милиция оорукана менен жабырлануучунун билдирүүлөрүн бириктирип, иш козгоду
Караколдо күйөөсү тарабынан сабалган Айзат Үсөнбаева милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
«Сотко чейинки териштирүүлөр оорукананын билдирүүсү боюнча башталды», - дешти алар. - Текшерүү учурунда бир жаран арыз жазган. Эки билдирүү - ооруканадан жана жабырлануучудан - биригип, кылмыш иши козголду.
Эске салсак, өткөн күнү укук коргоочу Камил Рузиев Караколдо майып аял экинчи жолу катуу сабалганын билдирген.
Ооруканадан милиция кызматкерлерине 1984-жылы туулган У.А денесинен жаракат алып келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Маалым болгондой, күйөөсү аялды кызганып сабаган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138 беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү Р.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Сүрөт www