Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жумгал районунун судьясы менен прокурорунун орун басары пара менен кармалды (фото)

УКМКнын маалыматы боюнча, Фемиданын кызматкери прокурордун орун басары менен биргеликте кылмыш ишин токтотуу үчүн жарандан акча талап кылган

УКМК Башкы прокуратура менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында Жумгал райондук сотунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К.пара талап кылуу боюнчакармалган.


Буга байланыштуу 2022-жылдын 23-майында судья А.А.М.ге Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.


Аталган кызмат адамдары Х.Д аттуу жарандан Жумгал райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин токтотуу боюнча опузалап акча талап кылышкан. .

Ошол эле учурда прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

УКМК басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх