Ош облусунда бир нече тонналык контейнер унаанын үстүнө кулап түштү (фото)
Эки баласы жана атасы талкаланган унаада каза болгон
Ош облусунда, Чоң-Алай районунун Ош-Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 66-чакырымында Вольво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан көп тонналык жүк жүктөлгөн контейнер Хундай Портердин үстүнө кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Салондо 4 жана 6 жаштагы эки бала жана алардын атасы болгон. Баары каза болду. Ошондой эле 29 жаштагы киши жаракат алган.
Окуя болгон жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, каза болгондордун жана жабыркагандардын сөөгүн унаадан чыгарышып, андан соң дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз