Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокатта 15 жаштагы окуучу кыз асынып алды

Кыз кат калтырып: «Ата, мен сизди сагындым. Мен сизге барам"

Ноокатта 15 жаштагы окуучу кыз асынып алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Каргаша 23-майда саат 16:40та Гүлистан айылында болгон. 15 жаштагы В.А. өз үйүндө асынып алган. Аны апасы Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келген. Бул тууралуу милицияга аталган медициналык мекеменин дарыгери билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кыз Хужамов атындагы орто мектептин 7-классында окуганы белгилүү болду. Кыз асынып өз жанын кыйган. Ал кат калтырып: “Ата, мен сизди сагындым. Мен сизге барам". Апасы кызын асынып алган абалда тапкан. Аял кызды сыйыртмактан чыгарып, ооруканага алып барган.

Маркумдун үстүнөн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бирок кыздын апасы жана жакын туугандары экспертизадан баш тартышып, өлүкканага жеткирилбеш үчүн жансыз денени жандандыруу бөлүмүнөн алып кетишкен.

Милиция мектеп окуучусунун эмне себептен өз жанын кыйганын текшерип, тактап жатат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх