Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кеминде мектеп окуучулары мушташып, бири ооруканага жаткырылды

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди

Кемин шаарында мектеп окуучулары мушташып, анын кесепетинен алардын бири ооруканага түшкөнүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«27-майда саат 20:00дө Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан 2007-жылы туулган жашы жете элек бала ар кандай дене жаракаттары менен жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн», - деп билдиришти укук коргоо органдарынан.

ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кийинчерээк Кемин шаарынын көчөлөрүнүн биринде уулуна денесине залал келтирген белгисиз жигиттерге чара көрүүнү суранган жашы жете элек баланын апасы арыз менен кайрылган.

Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-май күнү саат 13.00дөр чамасында башка мектептин окуучулары болгон эки жашы жете элек өспүрүмдөр чырдашып, кийинчерээк өспүрүмдүн денесине залал келтиришкени аныкталган. о

Ички иштер органдарынын маалыматына караганда, учурда иш боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн жашы жете электерди ички иштер органдарына алып келүү чаралары көрүлүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх