Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

15 жаштагы кызга жыныстык органдарын көрсөткөн адам камакка алынды

Жаран Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилет

15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, Москва райондук сотунда өткөн отурумда мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Жаран Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалат.

Эске салсак, жакында эле Чүй облусунун Москва районунда дүкөндөрдүн бирине эркек киши кирип, кызга жыныстык органын көрсөткөн. Ата-энелер милицияга кайрылышкан, бирок тартип сакчылары күлүшкөн.

Судья Арстанбек Аскарбековдун чечими менен жаран үй камагына чыгарылган. Башкы прокуратура аны камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок сот прокуратуранын өтүнүчүн караган жок.

Кийинчерээк судья Москва райондук сотунун төрагалыгынан бошотууну суранган. Анын бул чечими терс пикирлерди жаратып, бүтүндөй сот системасынын коомчулуктун сынына кабылганы үчүн өзүн кечире алган жок. Бирок Аскарбеков судья бойдон калууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх