Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бала бакчада балдар айланып, Жаратканды даңктап жатышты. Билим берүү министрлиги чара көрөт (видео)

Диний маанайдагы иш-чара өткөн бала бакчанын лицензиясы жок экени белгилүү болду

Жакында эле социалдык тармактарда Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Сумая Айдаркен бала бакчасында өзгөчө окуя болгондугу тууралуу маалымат пайда болгон. Алар Каабага окшош нерсени куруп, анын айланасын балдар тегеренип, араб тилинде Улуу Жаратканды даңазалашат.

 



Белгилүү болгондой, Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар, адам каалаган динди тандап же тигил же бул конфессиядан толук баш тарта алат. Бирок, балдар өз алдынча тандоо жасай алышпайт. Мындай иш-чаралар мектепке чейинки мекемеде мыйзамдуубу?

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабековго кайрылды.

- Жок, бул бала бакчанын аракети мыйзамсыз, - деп жооп берди Мырзабеков. — Бул бала бакчанын лицензиясы жок болгондуктан, Билим берүү жана илим министрлиги тиешелүү органдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин негизинде жеке менчиктеги билим берүү уюмдары мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашырууга тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана киришет.

Мындан тышкары Билим берүү министрлиги жетекчилик жана тарбиячылар жазаланышы мүмкүн экенин белгиледи.
 
- Администрациянын жана тарбиячылардын жоопкерчилиги мыйзамда белгиленген тартипте каралат, - деп улантты Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы. - жашы жете элек балдарга карата жасаган мыйзамсыз аракеттери жана укук бузуулары үчүн (балдарды тигил же бул диндин маданиятына мажбурлоо).

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх