Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Кадамжай районунда курал-жарак сакталган жерди тапты (фото)

Чекисттер жарандын үйүнөн ар кандай калибрдеги 222 даанадан ашык ок-дарыларды табышкан

КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча  козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын кызматкерлери атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Кадамжай районунун тургуну Э.Р.Б кармалып, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 222ден ашык ар кандай калибрдеги ок-дарылар (5,45, 7,63), 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык өчүргүч, мылтык ж.б. табылган.


Учурда Э.Р.Б. Кадамжай районунун ИИБ УККсына киргизилип, тиешелүү процессуалдык аракеттер көрүлүүдө.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх