Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксылык милиция кызматкерлери 3 миллион сомдон ашык акчаны жеп алышкан

ИИМ кызматкерлери финансылык отчетко атайылап жалган маалыматтарды киргизип, системалуу түрдө мыйзамсыз түрдө жогорулатылган айлык акыларды алышкан

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө ИИМдин Аксы РИИБинин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, атайылап жалган маалыматтарды киргизгендигин аныктады. Финансылык отчеттуу түрдө мыйзамсыз түрдө жогорулатылган айлык акыларды алуу, ошондой эле жеке ишкерлер менен алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма мамлекеттик сатып алуулар аркылуу бюджеттик каражаттарды накталай төлөп беришкен.

Натыйжада мамлекетке 3 миллион 191 миң 947 сом материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх