Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин четиндеги кампалар өрттөндү (видео)

Өрттү өчүрүүгө жети өрт өчүрүү бригадасы тартылган

Бүгүн эртең менен Бишкектин четиндеги Биринчи Май районунун Көлмө жаңы конушунун Жаз көчөсүндө жайгашкан кампалар өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан жети өрт өчүрүүчү бөлүм, бир суу ташуучу, штаб жана ӨКМдин Борбордук башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.

Өрт саат 08.08де локализацияланган. Учурда жоюу иштери жүрүп жатат.

Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

 

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх