Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас облусунда кесиптик лицейдин жооптуу кызматкерлери айлык маянасын мыйзамсыз түрдө 9 эсеге көбөйтүшкөн

Маселен, башкы бухгалтер 7 миң сомдун ордуна 73 миң сом алган

Талас районунун прокуратурасы тарабынан No13 кесиптик лицейде текшерүүнүн жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Профессионалдык лицейдин айрым кызмат адамдары 2019-2021-жылдар аралыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды алуу максатында, бекитилген тарифтик тизмелерге карабастан, мыйзамсыз түрдө жалпы суммасы 2 миллион 497 миң 254 сомдук көбөйтүлгөн эмгек акыларын алышканы аныкталган.

Мисалы, «К.Т.» лицейинин башкы бухгалтеринин эмгек акысы. 2021-жылдын июль айына тарифтик тизме боюнча 7553 сомду түзсө, иш жүзүндө алган сый акы 9 эседен ашып, 73 миң 615 сомго жеткен.

Бул факты боюнча Талас облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх