Нарында карындашын жактаган өспүрүм катуу сабалды
Бул кылмышты иликтөөнү ИИМ жетекчилиги көзөмөлгө алды. Окуянын козголоңчулары жазаланары убада кылынууда
Нарында карындашын жактаган өспүрүмдүн сабалышы боюнча иликтөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды.
Ички иштер министри тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө алып, тыкыр текшерүүнү тапшырды.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен катталган.
Бир күн мурун, 22-июнда кайрадан комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Сотко чейинки териштирүүлөр тыкыр иликтенет, окуяга катышы барлар мыйзам чегинде жазаланат.
ИИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз