Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте түн ичинде дүкөнгө уурулар кирип, 2 миллион сом уурдап кетишкен (фото)

Кылмышка шектүүлөр кармалып, борбор калаанын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды

5-июнь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБине борбор калаанын Т.Д., аттуу тургуну арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 02.30дар чамасында Москва көчөсүнүн кесилишиндеги жеке дүкөнгө кирип кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.Уурулар Бейшеналиев көчөлөрүндө кассадан 2 млн сом уурдап кетишкен.


Бул факты Ленин РИИБнин КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.


15-июнь күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-1 бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери менен биргеликте кылмышка шектүү 1984-жылы туулган А.А.,1990-жылы туулган Б.А кармашкан. . Алар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу кылмыштардын башка фактыларын жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул тууралуу Ленин райондук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх