Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жеке бала бакча өрттөндү (фото)

Мектепке чейинки мекеменин кызматкерлери 30 баланы эвакуациялоого жетишкен

Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жеке менчик бала бакча өрттөндү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Ведомстводон билдиришкендей, өрт чыккандан кийин дароо мектепке чейинки мекеменин кызматкерлери 30 баланы эвакуациялоого жетишкен, алардын бири да жабыркаган эмес.


Чалуудан кийин окуя болгон жерге 2 өрт өчүрүү бөлүм чыгып, бирок алардын күчү жетпей жатканын ӨКМ билдирди. - Кийинчерээк бала бакчага дагы 2 өрт өчүрүүчү бөлүм, бир суу ташуучу, ИИМдин кызматкерлеринен турган топ жана ӨКМдин борбордук аппаратынын ыкчам тобу келди. Учурда өрт чектөөгө алынып, өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт кошуна үйдүн чарбалык имаратынан башталып, кийинчерээк бала бакчанын имаратына өткөнүн тактады.

Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх