Түркияда токойдон кыргызстандык аялдын жансыз денеси табылды
Бир аялды өлтүрдү деген шек менен эки түрк жараны кармалды
20-июндан 21-июнга караган түнү Түркиянын Гиресун провинциясынын токойунан зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылган.
Табылган жансыз аял Кыргызстандын жараны 1982-жылы туулган Н.К. Учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген түрк жарандары М.А. жана Х.Чны кармады.
Башкы консулдук жүк-200дү Кыргызстанга жөнөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.
КР Тышкы иштер министрлиги бул маселени көзөмөлгө алууда.
КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз