Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Чоң-Капка-автожол" өткөрмө бекетинде аткезчилик жол менен алынып келинген дарылар кармалды (фото)

28 кутуга салынган дары-дармектер үй буюмдарынын астына катылган

Аткезчиликке каршы күрөшүүнүн алкагында КР УКМК кызматкерлери тарабынан «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын аймагына баңги затын алып өтүү фактылары аныкталып, токтотулду.


«26-июнь күнү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда КР жараны А.Б.А. кармалып,үй буюмдарынын астына катылган 28 кутудан дары-дармектер табылганын ведомстводон билдиришти. «Ошол эле учурда дары-дармектерге тиешелүү документтери жок болуп, медициналык жүктөрдү ташуудагы милдеттүү шарттар сакталган эмес. Учурда жүктүн ээлерин аныктоо жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


КРнын УКМКнын басма сөз кызматы
Фотосүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх