Балыкчыда 16 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болду
Каргашалуу окуя болгон жерге жети куткаруучу тартылган
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү сууга чөгүп кеткен 16 жаштагы кыздын жансыз денесин табышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Толкун пляжынын аймагында жашы жете элек кыз чөгүп кеткени такталды. Окуя болгон күнү саат 19.20да куткаруучулар өспүрүмдүн жансыз денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз