Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ТМУга катышкан өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты

Ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууга да катышты

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 2022-жылдын 28-июнунан 1-июлуна чейин Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты.

Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынында сөз сүйлөп, Марат Иманкулов ТМУ өлкөлөрү үчүн актуалдуу болгон бир катар чакырыктарды жана коркунучтарды атап өттү, анын ичинде терроризм, экстремизм, баңги аткезчилиги, мыйзамсыз миграция, курал-жарак соодасы. Афган фактору деп аталган нерсе өзгөчө белгиленди.

Афганстандагы коомдук-саясий кырдаалдын татаалдашы, анын ичинде анын гуманитардык жагы белгиленди. Буга байланыштуу кыргыз тарап афган элине дүйнөлүк коомчулуктан каржылык жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүү зарылдыгын билдирди.

Мындан тышкары Афганстандын аймагында жайгашкан ар кандай террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүнө тынчсыздануу айтылды.

Марат Иманкулов дүйнөдөгү туруксуздуктун күчөшүн эске алуу менен ТМУ өлкөлөрү жалпы тарыхка, маданиятка, тилге, динге таянып, региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо үчүн координациялоо жана алгылыктуу чечимдерди издөө боюнча бирдиктүү багытты карманышы керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле, ТМУ мүчө-өлкөлөрүнүн делегация башчыларынын курамында КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууга катышты.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www



 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх