Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ Кыргызстандын курама командасынын беттешинде стадиондо чөнтөк уурулугун алдын алышкан милиция кызматкерлерин сыйлады (фото)

Жаш жигит ызы-чуу жана эл көп учурдан пайдаланып, жакын жердеги жарандын уюлдук телефонун акырын алып алган

2022-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарындагы Д. Өмүрзаков стадионунда Кыргыз Республикасынын, Сингапур, Мьянма жана Тажикстан Республикасынын улуттук курама командаларынын Азия оюндарын өткөрүү убагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого бөлүнүп берилген ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери уурулуктун алдын алышкан.  Милиция кызматкерлери жашы болжол менен 16-17 жаштагы бала, жабырлануучунун алаксып жатканын пайдаланып, уюлдук телефонун жашыруун уурдаганын байкап калышкан. Андан соң, бейтааныш бала кетип бара жаткан учурда дароо артынан жетип барышып, жеке буюмдарын текшергенде капчыгынан жабырлануучунун уюлдук телефону табылган.


 Жогорудагыларды эске алуу менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен   ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн милиционерлери милициянын старшинасы Эльдияр Асыкеев менен милициянын улук сержанты Талантбек Мырзабеков ИИМдин Ардак грамотасы менен сыйланышты.


Сыйлыктарын тапшыруу учурунда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылышкандыгын, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, коомдук коопсуздукту сактоого кошкон салымдарын баса белгилеп, кыргыз милициясынын кадыр-баркын көтөрүп, мекени үчүн ак кызматтарын өтөп жүрө берүүлөрүн каалады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх