Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө милиция балдар үчүн сууда коопсуз сүзүү боюнча мастер-класстарды өткөрдү (фото, видео)

Тартип сакчылары сууда жүрүм-турум эрежелерин айтып, биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөтүштү

Ысык-Көлдө, балдар лагерлеринде жана пансионаттарда облустун милиция кызматкерлери балдар үчүн сууда өзүн коопсуз алып жүрүү боюнча бир катар мастер-класстарды өткөрүштү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


«Көлдөгү балдардын коопсуздугу ар дайым өзгөчө мааниде», - деп белгилейт басма сөз кызматы. «Июнь айынан бери үч бала көлгө чөгүп кеткен. Мындан улам облустук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору тарабынан балдардын коопсуздугун сактоого багытталган бир катар профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Кечээ күнү милиция кызматкерлери менен куткаруучулар суудагы коопсуздук боюнча мастер-класстарды өткөрүштү. Балдардын жайкы ден соолукту чыңдоо лагерлеринде жана эс алуу жайларында жаш муундарга сууга чөгүп бара жаткан адамды куткаруучу кеменин жардамы менен кантип сактап калуу керектиги айтылып, көрсөтүлдү. Өзгөчө көңүл сууга чөккөндөргө биринчи жардам көрсөтүүгө бурулду. Сууга жакын жерде коопсуз жүрүм-туруму боюнча инструкциялар тапшырылды.


Укук коргоо кызматкерлери өз коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу гана адам өмүрүн сактап калуунун кепилдиги боло аларын эскертишти. Алар ата-энелерди, ошондой эле пансионаттар менен лагерлердин кызматкерлерин эч качан балдарды көл жээгинде кароосуз калтырбоого чакырышты.

Михаил Готфрид
Ысык-Көл облусунун ИИБнын фото жана видеосу

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх