Мирбек Атабековдун жубайы АКШда кырсыкка кабылды
Мээрим Толепберген эч кандай жаракат алган эмес, шок абалда болгон
Белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун жубайы, блогер Мээрим Төлөпберген АКШда кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ал Твиттердеги микроблогунда билдирди.
"Америкада биринчи жолу жол кырсыгына кабылдым. Унаанын багажниги, номуру жана бампери зыянга учурады. Абалым жакшы, болгону нес абалда болдум. Мени сүзгөн аял да жакшы. Ал алаксып кетип, аралыкты сактабай калыптыр. Кырсыктан кийин экөөбүз ал-абалыбызды сураштык, баары жакшы. Экөөбүз тең адекваттуу экенбиз. Ызы-чуусу жок тарадык. Ал аял күнөөсүн моюнуна алды. Эми бул окуя боюнча камсыздандыруу кампаниялары иш алып барат. 3 сааттан кийин аябай ызаланып, ыйлап алдым", - деп жазган ал.
Сүрөт www