Бишкектеги терактты жасоо алдын алынды (фото)
Террорчулар буга чейин борбордук аянтка жакын батирди ижарага алып, ал жактан чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн
7-июль күнү ыйык “Курман-айт” майрамын белгилөөгө даярдык көрүү максатында УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаарында теракттын алдын алышты.
Ошентип, жүргүзүлүп жаткан антитеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө эл аралык террористтик уюмга тиешеси бар жана Сириядан жасалма паспорт менен келген эки чет элдик жаран кармалды. Мындан тышкары, Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнө жардам көрсөткөн Кыргызстандын бир нече жараны (шериктери) кармалды.
Тергөө бул адамдардын Сириядагы согуштук зонада диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөндүгү боюнча төгүндөлгүс далилдерди тапты. Кармалгандардын бири колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча инструктор.
Согушкерлердин Кыргызстандагы милдеттеринин бири 9-июлдагы айт-намазда террордук актка даярдануу болуп, алар борбордук аянтка жакын жердеги батирди ижарага алып, ошол жерден чалгындоо иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү