Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Бишкекте Сириядан келген эки чет элдик террористти тосуп алган адам кармалды (фото)

Ал өзү да эл аралык террористтик уюмдун активдүү колдоочусу

Жүргүзүлүп жаткан антитеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө 9-июль күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында Сириядан келген «Р.Ж.» аттуу согушчандарды кармашып, аларга жардам көрсөтүү максатында КР жараны кармалды. Диверсиялык жана террористтик аракеттерди жасоонун кылмыштуу пландарын ишке ашырууда.



Эске салсак, кармалган террордук уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанга 9-июль күнү айт намазында террордук акт жасоо максатында келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган КР жараны узак убакыт бою чыгыш мамлекеттеринин биринде чет өлкөдө жүргөнү, ал жерде анын кылмыштуу ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасында координациялап турган тууганы тарабынан радикалдык-экстремисттик идеологияга аралашканы аныкталган. "Р.Ж"  Сирияда атайын террористтик даярдыктан өткөн.



Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган адам КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Аталган террордук топтун башка айыпталуучуларына карата ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх