Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда аюу чек арачыга кол салган

Чек арачыга жырткычтардын кол салуусунан кийин биринчи жардам көрсөтүлгөн, бирок сержантты сактап калууга мүмкүн болгон эмес

Бир күн мурун, 19-июлда УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын контракт кызматынын аскер кызматкери менен кырсык болгон.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Туштук-Бөкбашы тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууда кызмат өтөп жүрүп, 1992-жылы туулган аскер кызматкери К.А. күтүүсүздөн аюу кол салып, натыйжада жоокер оор жаракат алган.

Көрсөтүлгөн биринчи жардамга карабастан, сержант К.А. жашоого мүмкүн болбогон жаракаттардан улам каза болгон.

Бул факты боюнча бардык тиешелүү түзүмдөр кабарланды.

Окуя болгон жерде КР УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын командачылыгы, Аскер прокуратурасынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх