10 жаштагы бала Чычкан дарыясына агып кетти. Анын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди
Окуя болгон жерде куткаруу кызматынын тогуз адиси жана жети милиция кызматкери иштеген
Бишкек-Ош унаа жолунун 230-чакырымындагы Чычкан айылында 10 жаштагы бала Чычкан дарыясына чөгүп кетти. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Бир күн мурун саат 18.40та тогуз куткаруучу жана жети милиция кызматкери баланын жансыз денесин дарыядан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Маалым болгондой, бала дарыяга түшкөнгө чейин апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз