Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин билдирди

Бүгүн, 25-июлда саат 05:54тө Нарын облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына кайрылды.

«Бүгүн эпицентринде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө Нарын облусунда катталды», - деп билдирди басма сөз кызматы. - Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында күчү 3 балл, Өрнөк, Коңорчок айылдарында 2,5 баллга жеткен. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх