Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Молдовановканын №27 колониясында бир жоокер өзүн атып өлтүрдү

Окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат

Бүгүн, саат 08.30дар чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы No27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүнө катардагы жоокер А.К.С. өзүнө таандык куралдан ок чыгарган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, октун кесепетинен жоокер ошол жерден каза болгон.

"Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат", — деп айтылат СИН.

ИИМдин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх