Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундан Кызыл китепке кирген талаа бүркүтүн кармашты (фото)

Жырткыч куш Каракол зоопаркына өткөрүлүп берилди

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундан Кызыл китепке кирген талаа бүркүтүн кармашты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

- Сары-Булуң айылынын 61 жаштагы тургуну талаа бүркүтү багып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат түшкөн, - деп милициядан кабарлашты. - Тургунга таандык кашарды текшерүү учурунда  жырткыч куш табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын Кызыл китебине кирген түргө кирет. Кармалгандан кийин бүркүт Каракол зоопаркына өткөрүлүп берилди. Аталган факты Түп районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, мыйзам чегинде текшерүү иштери жүрүп жатат.


Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх