Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжалдан улам кичи автобуста аялды сабап салган адам кармалды (видео)

Медициналык экспертиза көрсөткөндөй, кармалган адам мас болгон

Бишкекте Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжалдан улам кичи автобуста аялды сабап салган адам кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Маршруттук таксидеги окуядан кийин адам тергөө кызматы тарабынан Сукулук РИИБге жеткирилип, ал жерде суракка алынган», - деп билдиришти укук коргоо кызматкерлери. - Медициналык экспертиза кармалган адам мас абалында болгонун көрсөткөн. Убактылуу иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган жаран кармалып, Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Түшүндүрө кетели, «Манас» аэропортунан Бишкекке келе жаткан киши No380 кичи автобуста аялды сабап салган. Мушташка Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдан улам жүргүнчүлөр ортосунда оозеки кагылышуу себеп болгон.

Михаил Готфрид
Фото и видео www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх