Бишкекте баңгизат тараткан шектүү кармалды (фото, видео)
Кармалган жарандан 1 килограмм 342 грамм марихуана алынган
Кыргызстандын борборунда кылмыш иликтөө кызматкерлери баңги затын тараткан шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Милицияга Бишкек шаарында мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип, Ош шаарында баңги затынын бир партиясын сатууну пландаган жигит тууралуу ыкчам маалымат түшкөн», — деп айтылат милициянын маалыматында. «Жүргүзүлгөн чаралардын натыйжасында шектүүнүн өздүгү такталып, кармалган. Тинтүү учурунда жаш жигиттин жанынан 1 килограмм 342 грамм марихуана табылган. Аталган факты боюнча 282-берененин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Михаил Готфрид