Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда эки күндө эки адам каналга чөгүп кетти

7 жаштагы бала менен 52 жаштагы эркек киши кайгылуу түрдө каза болушкан

Ош облусунда эки күндө эки адам каналдарга чөгүп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн Учар айылындагы жайлоодон бир күн мурун каналга агып кеткен жети жашар баланын жансыз денеси табылды», - деп билдиришти башкармалыктан. Аны издөө иштери эки күн бою уланган. Ошондой эле Ош облусунун Араван районунда 52 жаштагы адам каналга чөгүп кеткени белгилүү болду. Акыркысынын жансыз денеси табыла элек. Издөө иштерине 19 куткаруучу, 40 милиция кызматкери жана 9 ыктыярчы тартылган. Окуянын чоо-жайы кийинчерээк айтылат.


Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх