Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боом капчыгайында сел жүрүп тизесине чейин сууну кечип иштеген милиция кызматкерине сыйлык берилди (сүрөт)

МАИ кызматкерине эсте калаарлык белек катары кол саат тапшырылды

Боом капчыгайында сел жүрүп, тизеге чейин баткак сууда иштеген Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын кызматкери сыйланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган башкармалыктан билдиришти.

«Бүгүн жетекчилик прапорщик Жалилдин Бейшенбаевге ыраазычылык билдирип, ага сыйлык – кол саатын тапшырды», - деп билдиришти укук коргоо кызматкерлери.


Эске салсак, 5-августта Бишкек-Торугарт унаа жолунун 135-136-чакырымдарында Боом капчыгайынын аймагында сел жүргөн. Анын кесепетинен жолду суу каптаган. Социалдык тармакта тизесине чейин кир сууга түшкөнүнө карабай жол кыймылын жөнгө салган тартип сакчынын сүрөт, видеосу тарады.

Михаил Готфрид
Сүрөт Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх