Ош облусунда жол кырсыгынан 13 адам жабыркады (фото)
Сегиз жабырлануучунун абалы оор
Ош облусунда жол кырсыгынан 13 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
«Өзгөн шаарынын Такачы көчөсүндө «Мерседес-Бенц» жана «Дэу Лабо» үлгүсүндөгү унаалар кагылышты», — деп билдирди министрлик. - Анын кесепетинен 13 адам жабыркап, анын сегизинин абалы оор. Бешөө жеңил жаракат алган. Кырсык болгон жерге келген ӨКМдин кызматкерлери каза болгондорду чыгарышып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз