Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туристтер Ош облусундагы Ленин чокусунан адамдын сөөгүн табышты

Чоң-Алай РИИБнин милиция кызматкерлеринен турган топ тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн тоого чыгышты

Туристтер Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунан адамдын сөөгүн табышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Алар тоодо сүрөткө жана видеого тартуу менен алектенип, кийимчен адамдын сөөгүн табышкан», - деп билдирди милиция. - Бул Ленин чокусунда, болжол менен деңиз деңгээлинен 4400 метр бийиктикте болгон. Окуя болгон жерге Чоң-Алай РИИБнин милиция кызматкерлеринен турган топ барып, тергөө амалдарын жүргүзүшкөн. Азырынча алар кайтып келе элек. Кызматкерлер кайтып келгенден кийин окуя тууралуу кененирээк айтып беребиз.

Майкл Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх