Кочкор-Атада унаа дөңгөлөктөрү күйүп кетти (фото)
Өрттөн келтирилген чыгым 4 миллион сомго жакынды түздү
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк саткан дүкөн күйүп кетти. Окуя тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
«Тез жардам кызматына дөңгөлөк сатуучу жайдын аймагында өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн», — деп билдирди басма сөз кызматы. «Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы жөнөтүлдү. Өрт тез эле тутанып, өрттүн масштабы чоңоюп кеткендигине байланыштуу куткарууга «Кыргызнефтегаз» ААКнын эки өрт өчүрүүчү унаасы жана Кочкор-Ата шаардык кызматынын бир жүк ташуучу унаасы тартылды. Өрттүн жалпы аянты 496 чарчы метрди түзгөн. Өрттөн келтирилген чыгым 4 миллион сомго жакынды түздү. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.
Сүрөт, ӨКМ