Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ички иштер министрлиги Алымкадыр Бейшеналиевге карата бир гана кылмыш ишин токтоткон

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисине карата башка иштер боюнча укук коргоо кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Ички иштер министрлиги Алымкадыр Бейшеналиевге карата бир гана кылмыш ишин жапкан. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

 

«2022-жылдын 18-апрелинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдары жана башка жооптуу адамдарга  кызматтык абалынан пайдалануу менен материалдык зыян келтирүү фактысы боюнча  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» боюнча башкы прокуратура тарабынан, кылмыш иши козголгондугун,  укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришкен. - Көзөмөл органынын маалыматы боюнча мамлекетке 1 миллиард 581 миллион 474 миң сом материалдык зыян келтирилген. Бул акчага COVID-19га каршы вакциналарды сатып алууга жумшалган. Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, анын орун басары Улук-Бек Бектурганов жана Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кармалган. Андан соң Октябрь райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. 16-июнда бул  баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү”.

Министрликтин маалыматына караганда, жыйынтыгында ИИМдин тергөө кызматы Алымкадыр Бейшеналиев, Гүлбара Ишенапысова жана Улук-Бек Бектургановдун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок экенин аныктаган.

«Буга байланыштуу 16-августта КР Жазык-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде (кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу) бул кылмыш иши токтотулганын ИИМ. белгиледи. Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка кылмыш иштери боюнча да тиешелүү процессуалдык аракеттер көрүлүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх