Бишкекте жеке бала бакча өрттөндү (видео)
Бала бакчанын кызматкерлери жана балдар эвакуацияланды, эч ким жабыркаган жок
Бишкекте жеке менчик бала бакча өрттөндү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
- Ташкент көчөсүн бойлой, Бишкекзеленхоздун имаратынын маңдайында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн, деп билдирди министрлик. - Өрт имараттын 200 чарчы метрден ашык аянтын каптады. Бактыга жараша, бала бакчанын кызматкерлери жана балдар тез арада эвакуацияланып, эч ким жабыркаган эмес. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм жана бир суу ташуучу тартылган. Өрт чектөөгө алынды, ал коңшу имараттарга өткөн жок.
Михаил Готфрид
Фото www
Видео МЧС, Telegram
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз