Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лебединовкадагы "Алтын казынадагы" зордуктоо боюнча дагы бир адамдын тиешеси бар экени аныкталды (фото)

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген

Лебединовкадагы "Алтын казына" ресторанында жашы жете элек кызды зордуктаган окуяга дагы бир адам катышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Буга чейин зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 20 жаштагы шектүү кармалып, ага кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалган», - деп айтылат милициянын маалыматында. -Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка дагы бир шектүү 28 жаштагы жарандын катыштыгы бар экендиги аныкталып, ал дагы кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалды.


Эске салсак, буга чейин милицияга Аламүдүн районунун тургуну арыз менен кайрылып, августтун түнүндө Лебединовка айылында 17 жаштагы кызын зордуктаган «Алтын казына» ресторанынын кызматкерлерине чара көрүүнү суранган.

Михаил Готфрид
Сүрөт Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх