Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чаткал районунда 48 жаштагы жаран сууга түшүп каза болду

Куткаруучулар жансыз денени суудан чыгарып, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен

Чаткал районунда 48 жаштагы жаран сууга түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
     
Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында Терек-Сай дарыясынын суусу 1974-жылы туулган М.А.ны агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
     
Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылган. Сөөктү суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
     
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх