Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Жалал-Абаддагы калкты тейлөө борборунун кызматкери 5700 сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат

УКМК тарабынан системалуу коррупцияны жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жалал-Абад шаардык калкты тейлөө борборунун кызматкери, 1981-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны С.Б.Б. кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.



С.Б.Б. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортторун жашы жете элек балдарга кийин республиканын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн мыйзамсыз тариздөө жана берүү үчүн 1000 сомдон 15000 сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлүп, белгиленген. Ошондой эле, ортомчулардын жардамы менен баланын ата-энесинин биринин (негизинен өзбектердин) атынан Кыргыз Республикасынын жаранынын жарандык паспортун берүүгө жана алууга укук берген жасалма документтерди берген.
Учурда системалуу түрдө акча каражаттарын (пара) алуу боюнча байланыштарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


УКМК басма сөз борбору
Сүрөт УКМКнын басма сөз борборунан алынды

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх